10:55 Студенттик отряддардын башчылары студенттерге кайрылуу жасашты

10-январда студенттик отряддардын курултайы болуп, анда отряд башчылары студенттерди жер титирөөнүн кесепеттери менен бирге алпурушууга чакырды. “ Ушул жылдын январь айында Ош аймагында болгон зилзала калкка чоң жоготууларды алып келди. Кырсыктын айынан миңдей турак-жай, 9 мектеп бузулду. Биз зилзаладан жабыр тарткан аймакка жардам берүүгө, талкаланган үйлөрдү, имараттарды калыбына келтирүүгө болгон аракетибизди жумшайбыз жана студенттерди бизге кошулууга чакырабыз,”- деп айтылат кайрылууда. Жаштар эмгек биржасынын маалыматы боюнча ушул тапта өлкөдө 40 студенттик отряддар түзүлгөн. Алардын курамында миңге жакын студенттер бар.(AiJu)