Бул тууралуу Африка Биримдигинин жетекчиси Жон Куфуор билдирди. Анын айтымында, президент Мваи Кибаки менен оппозиция лидери Райла Одинганын сүйлөшүүсү учурунда, тараптар 500 адамдын өмүрүн алып кеткен зордук-зомбулука чекит коюлушу керек экендигин айтышты. 27-декабрда президенттик шайлоодо азыркы президент Мваи Кибаки жеңишке жеткени маалым болгон соң Кенияда бир жумага созулган массалык баш аламандыктар болгон.