Грузиндердин 70 пайыздан ашыгы Грузиянын НАТОго кошулушун каалайт

5-январда президенттик шайлоо менен бир мезгилде өткөрүлгөн референдумдун кечээ жарыяланган жыйынтыгына ылайык, добуш бергендердин 72.5 пайызы өлкөнүн НАТОго мүчөлүгүн колдогон. Шайлоодо АКШ менен союздаш президент Михаил Саакашвили экинчи мөөнөткө шайланган.