Иранда парламенттик шайлоого 7100 чамалуу талапкер катталды

ИРНА кабар агенттиги билдиргендей, 14-марттагы шайлоодо алар 290 орун үчүн ат салышат. Кечээки соңку мөөнөткө чейин катталган талапкерлердин 580и аялдар. Талапкерлерди эми Ирандын конституциялык Көзөмөл кеңеши электен өткөрүшү керек.