Ооганстандын түштүгүндө талип согушкерлери кеминде 8 полиция офицерин атып өлтүрдү

Кандагар провинциясында согушкерлер полициянын көзөмөл жайына чабуул койгон. Коңшулаш Хелманд провинциясында жанкечтинин жардыруусунан дагы бир полициячы набыт кетип, 8 киши жараат алды. Орузган чөлкөмүндөгү атышууда Голландиялык 2 аскер жана эки ооган жоокери курман болду.