10:52 Алмаз Атамбаевге «Ак жолдун» партиялык тизмесин баштоо сунушталган

Учурунда экс-премьер-министрге ушундай сунуш болгонун бүгүнкү маалымат жыйынында Социал-демократиялык партиядан шайланган депутат Иса Өмүркулов билдирди. Ал бул тууралуу «СДП «чөнтөк» оппозиция болуп калган жокпу?» - деген суроого жооп берип жатып айтып, мындай сөздөр буга чейин да айтылып келгенин, ал туура эместигин жана СДП шайлоого өз алдынча катышып, парламентке өз жолу менен келгенин кошумчалады. (SM)