Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн токтомуна премьер-министр Игорь Чудинов кол койду. Ага ылайык мамлекеттик бюджеттен каржыланган балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларынын бир күндүк тамагы үчүн бөлүнгөн каражат 30 сомго, атайын мектеп-интернаттар үчүн 50 сомго көтөрүлдү. Буга байланыштуу 2008-жылдын бюджетине кошумча каражат караштыруу каржы министрлигине тапшырылды. (ZKo)