Түркмөнстанда опера жана цирктер кайрадан ачылды

Буга байланыштуу буйрукка өлкө башчысы Гурбангуллы Бердымухаммедов кол койду. 2001-жылы өлкөнүн ошол кездеги президенти Сапармурат Ниязов, “опера жана цирк түркмөн маданияты менен коошпойт”,-деген негиз менен алардын ишин токтоткон болчу.