Францияда Биринчи дүйнөлүк согуштун ветераны Луи де Казенав 110 жашында көз жумду

Франциянын эң улгайган карыясы 1897-жылы туулган. Президент Николя Саркози Казенав менен кошо 1914-18 жылдардагы урушта набыт болгон 1 миллион 400 миңдей француз жоокерин эскерди. Эми Францияда Биринчи дүйнөлүк согуштун бир эле ветераны калды. Лазар Понтиселли да 110 жашта.