Кечээ кубалыктар Улуттук ассамблеянын мүчөлөрүн тандашты. Ассамблея 24-февралда чогулуп, мамлекеттик кеңештин мүчөлөрүн шайлайт. Кеңеш болсо өз кезегинде президентти тандайт. 81 жаштагы Кастро бир жарым жыл мурун операция болгондон бери, бийликти бир тууган иниси Раулга убактылуу өткөрүп берген.