АЗЫК-ТҮЛҮКТҮН КЫМБАТТАШЫНДА БИООТУН ӨНДҮРҮШҮНҮН САЛЫМЫ ЧОҢ

Улан Алымкул уулу, Прага Азык–түлүк баасынын кымбатташы былтыр дүйнөлүк тенденция болгон эле. Бул көрүнүш быйыл да уланчыдай. Өзгөчө Азиянын айрым өлкөлөрүндө, "Нью –Йорк Таймс" гезитинин жазганына караганда, азыр өсүмдүк майынын кымбаттоосу менен катар анын тартыштыгы да сезилип жатат.
Дүйнөлүк Азык–түлүк уюмунун эсептөөлөрүнө караганда, тамак-аш продукцияларынын эл аралык соодага тартылган алтымыштай түрүнүн экспорттук баасы былтыркы жыл ичи 37%га кымбаттаган. Мурдагы жылы бул көрсөткүч эң көп дегенди 14%ды түзгөн эле. Дүйнөлүк Азык–түлүк уюмунун аналитиги Абдулреза Абассиян биз менен болгон маегинде төмөнкүлөрдү белгиледи:

-Менимче бааларды божомолдоо өтө кыйын, себеби буга бир нече факторлор тартылган. Бирок, азыркы жагдай азык –түүлүк катары колдонулган айыл-чарба продукцияларынын баары үчүн оор бойдон калууда. Ушул жүйөөдөн улам биз баалар жогору бойдон каларын күтүп жатабыз. Ал эми белгилүү бир айыл-чарба продукциялары боюнча баалардын али өсүү мүмкүнчүлүгү бар .

Албетте, азык - түлүк наркынын жогорулоосу биринчи кезекте жакыр өлкөлөрдүн калкы үчүн оорчулук алып келүүдө. Дүйнөдө кара май менен катар былтыр жыл боюу тамак–аш үчүн колдонулган өсүмдүк майы да кымбаттаган эле. Өсүмдүк майынын кымабатташы өз кезегинде тамак–аштын кымбатташы дегенди туюндурары белгилүү. Америкалык "Нью–Йорк Таймс" гезитинин жазганына караганда, Азиянын айрым калктуу өлкөлөрүндө азыр өсүмдүк майынын тартыштыгы сезилип жатат. Маселен өткөн аптада эле Пакистанда ундун, Индонезияда болсо соя майынын тартыштыгына байланыштуу нааразылык чыкты. Дүйнөлүк Азык–түлүк уюмунун аналитиги Абдулреза Абассиян мындай дейт:

-Биз биотун өндүрүш секторунан суроо талап тез өсүп жатканына күбө болуудабыз. Бул дагы камсыздоонун бир бөлүгүн алып кетүүдө. Дүйнөлүк базарда оор абал түзлгөнүнүн себеби ушунда. Экинчи себеп биоотун өндүрүшү үчүн жүгөрүгө болгон суроо талап күчөдү. Бул этанол чыгаруу үчүн керек. Биз жүгөрүнүн баасы тездик менен өскөнүн көрүп жатабыз. Жүгөрү баасынын жогорулоосу өз кезегинде аны өндүрүүнү көбөйтүү үчүн дүйнө боюнча көптөгөн фермелерди соя аянттарын азайтууга шыктандырды. Соя аянттарынын кыскаруусу да өсүмдүк майынын баасы жогорулоосуна алып барды.

Айыл–чарба өсүмдүктөрүнүн бир катар түрүнөн алынып, азыр өндүрүү өсүп жаткан биодизел энергиянын бир булагы катары каралып жүрөт. Анын кадимки дизель майы менен аралаштырып пайдаланса болсо. Маселен азык-түлүк саясаты боюнча Вашингтондо жайгашкан эл аралык институт, былтыр жыл соңунда жарыялаган отчетунда белгилегендей, биоотунга болгон керектөө жакынкы он эки жылда жүгөрү баасынын 66%га, ал эми өсүмдүк майынын 50%га кымбатташын шартташы мүмкүн.

Изилдөөчүлөрдүн пикиринде, жүгөрүнү, кант троснигин, буудайды, күн–караманын данын тамак аш үчүн эмес, биотун өндүрүшү үчүн сатуу пайдалуу болуп каларынын реалдуу коркунучу бар. Буга жол бербеш үчүн доклад авторлорунун пикиринде, адамзат бензинди керектөөнү азайтып, ага альтернатива боло ала турган булактардын баарын издеши керек. Азык–түлүк саясаты боюнча Вашинтгондогу эл аралык институт келтирген маалыматтарга караганда, маселен 2003-2007-жылдардын аралыгында, дан азыктарынан биоотун өндүрүү макстаныда пайдалануу 25%дан ашуунга жогорулаган. Маселен АКШнын өзүндө эле буудайды этанол чыгаруу үчүн колдонуу 2000-2006 - жылдары 2,5 эсеге көбөйгөн. Айтор, буга окошогон фактылар, биоотун тармагынан суроо талаптын күчөшү "Нью-Йорк Таймс" басылмасы жазгандай жерди азык–түлүк үчүнбү же отун үчүн пайдалануу керекпи деген маселеде атаандаштыкты жаратууда.