Президент Владимир Путин жана «Единная Россия» партиясы Медведевдин талапкерлигин колдоого алууда. Талапкерлерди каттоо 27-январда соңуна чыгат. Азырынча ага атаандаш катары чыгууга коммунисттер партиясынын лидери Геннадий Зюганов менен либералдык-демократиялык партиянын жетекчиси Владимир Жириновский укук алды.