Дүйнөлүк акциялардын баасы бүгүн да кескин арзандады

Лондондо ФТэСИ 100 индекси 3 пайыздан ашыкка төмөндөдү. Мунун алдында бул биржа 2001-жылдын 11-сентябрынан бери биринчи жолу бир күндө эң чоң жоготууга учураган эле. Жапонияда Никкей индекси 5.7 пайыз төмөндөдү. Кытайда Шанхай индекси 7.2 пайызга түштү. Эл аралык Валюта корунун жетекчиси Доминик Строс-кан дүйнөлүк экономикалык абал "оор" экендигин билдирди.