Электрондук сөздүк академик К. Юдахиндин кыргызча-орусча, орусча-кыргызча сөздүгүнүн негизинде түзүлүп, компакт-дискилер түрүндө чыгарылган. Болочокто аны Интернетке жайгаштыруу жагы да каралып жатат. Бул жөнүндө бүгүн Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жетекчиси Ташбоо Жумагулов билдирди.(KCh)