БУУ өлүм жазасына өкүм кылынган журналисттин ишин кайрадан карап чыгууга ооган бийлигин үндөдү
Ооган журналисти Сайед Первез Камбакшты Мазари- Шариф шаардык соту “Курандын аялдар жөнүндөгү аяттарын сындаган макала жазды” деп таап, жогорку жазага тарткан. Улуттар Уюмунун Ооганстандагы өкүлчүлүгү сот жазасы акыйкат болгон эмес деп билдирди.