АКШ Ооганстанда ислам динин мазактаган үчүн өлүмгө кесилген журналисттин тагдырына тынчсыздануусун билдирди

Ооганстанда сот “Жахан-и-Ноу” гезитинин кабарчысы Саед Первиз Камбахшты макаласында айтылгандарды кудайга каршы иш катары баалап, өлүмгө кескен. АКШнын Мамлекеттик департаменти ооган журналисти өз кесибин аркалаганы үчүн соттолууда деп эсептейт.