Б. МАКЕНБАЕВА: УБАКТЫЛУУ КАМАККА АЛЫНГАНДАРДАН ЖАРЫМ МИЛЛИОН СОМ ЧОГУЛТУУГА БОЛОТ

Гүлайым Ашакеева, Бишкек Кыргызстандык укук коргоочулар өлкөдөгү массалык камоолор боюнча БУУга кайрылуу жолдошту. Алар атуулдарды себепсиз камоо, кыйноо жана башка орой мамилелердин болуп жактандыгын күбөлөндүргөн кат жолдоо менен Улуттар уюмунун эки докладчысын Кыргызстанга чакырып, бул маселе боюнча өлкө жетекчилиги менен биргелешип, иштешүү зарылдыгын белгилешүүдө.
Зульфизар Бишкеке Жалалабад шаарынан 6-январда күйөөсү, төрт айлык баласы менен жумуш издеп келген. Ал батирге акча сурап жүргөн учурда милиция аны кармап алып, паспорту да, күбөлүгү да жок болгондуктан Зульфизарды «500 сом акча бер!» деп коколой баштайт. Орус тилиндеги бир кагазга түшүнбөстөн кол коюп бергенден кийин ал убактылуу кармоочу жайга жеткизилген:

- Төрт сутка бир бөлкө нан жеген тейден отурдум ошол жерде. Алты камераны муздак суу менен жууп, корридорлорду тазалаттырды. Мен өзүм оорукчанмын, кан басымым көтөрүлүп кетти. Буттарым шишип, басууга гана эмес сүйлөөгө ахвалым жетпей калды.

Зульфизар бул убактылуу жайдан адам укугун коргоочу активисттердин жардамы менен төрт күндөн кийин гана бошотулду. Укук коргоочулар үйбүлөсү бар, кадимки эле айылдык кыргыз келинди милиция эмне себептен кармап кеткенине дагы эле таң берет. Жогорку кеңештин депутаты Роза Отунбаеванын ишениминде, мунун бардыгы өлкөдөгү репрессиялык башкаруунун айынан болуп жатат:

- Биз репрессиялык-тоталитардык система дагы эле уланып жаткандыгын көрүп жатабыз. Бул деген - репрессиялык башкаруу. Азыр биз аскердик бийликтин алдында жашат жатканыбыз шексиз.

Милиция кызматкерлери болсо, Роза Отунбаеванын бул сөзүнө макул эмес. Алардын айтымында, бул атайын текшерүүлөр жарандарды коркутуу үчүн эмес, тескерисинче, жалпы шаар тургундарынын коопсуздугун сактоо максатында жасалды:

- Үч саатын ичинде кармалган адамдын ким экендигин тактоого аракеттенебиз. Адатта, кармалган адамдар аты-жөнүн, дарегин жашырышат. Биз шаардык адрес бюросуна чалып, маалыматты тактайбыз. Бирок көпчүлүк маалыматтар жалган болуп чыгат. Андай учурда биз кармалгандарды убактылуу кармоочу жайга жеткиребиз, - деп түшүндүрдү милициянын подполковниги Шатманов Талантбек.

Жарандарды мындай себептер менен камакка алууну адам укугун коргоочулар кылмыштуулука каршы күрөшүү эмес, милиция үчүн акча өндүрүүнүн жолу деп бааларын айтышат. Укук коргоочу Бурул Макенбаеванын айтымында, паспорт текшерүү өлкөдө расмий түрдө киргизилген эмес жана адамдарды көп камакка алуу менен кылмыштуулукту азайтуу деген акылга сыйбаган нерсе:

- Бул кылмыштуулук менен күрөшүү эмес эле, көп акча өндүрө турган тармакка айланып кетти. Анткени, болжол менен үч күндүн ичинде бул камалгандардан жарым миллионго чукул акча жыйноого болот.

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, убактылуу кармалчу жайларда өткөн жылы сегиз миңден ашуун адам камалган. Быйыл болсо рейд башталгандан бери 1627 адам ИИМдин убактылуу кармалчу жерлерине жайгаштырылып, алардын канчасы эркиндикке чыкканы белгисиз.

Милиция болсо, өз кезегинде, коомдук тартипти коргоп, шаар тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жарандардан өзүн күбөлөндүргөн расмий кагазды талап кылып, жашаган дарегин текшерүүгө уруксат бар экенин айтат. Бүгүн өлкөнүн башкы милиционери – министр Молдомуса Конгантиев – өз кызматкерлерине кайрылып, себепсиз текшерүүлөрдү токтотууну талап кылды.