Бороондогон кар Кытайдын айыл-чарбасына чон залал келтирүүдө

Кытайда бир нече күндөн бери токтобогон кар жашылча-жемиш айдалган аймактарга туура келип, алардын кышкы түшүмү зыян тартты. Өлкөнүн агрардык мекемесинен мындай ызгаар акыркы 50 жылдан бери каттала электигин айтышууда. Азырынча келтирилген залалдын толук өлчөмү аныктала элек.