31-январда Бириккен Улуттар Уюму качкын макамын ыйгарган кыргызстандык адвокат Саидкамол Ахмедовго мамлекеттик каралоочу күчөтүлгөн режимде 6 жыл сурады. Жактоочулары актоону өтүнүштү. Ош шаардык соту айыпталуучуну бир жылдык сынак мөөнөтү менен шарттуу түрдө 3 жылга кесип, 5 миң сом айыпка жыкты.
Прокурор Мамат Казыбаев Ахмедовдун алдамчылык менен алектенгендиги, ошондой эле бирөөлөрдүн документтерин жасагандыгы аныкталган деп, аны күчөтүлгөн режимде 6 жылга кесүүнү талап кылды.
- Күнөөлү деп эсептейм. 350-статьянын 1-бөлүмү менен бир жыл, 160-статья менен 5 жыл, жалпысынан 6 жылга эркин ажыратууга сурадым, - деди Мамат Казыбаев.
Ахмедовдун жактоочусу Таир Асанов төрагалык кылуучу судьядан бул ишти өндүрүштөн кыскартып, жарандык тартипте кароого жөнөтүүнү дагы бир ирет өтүндү:
- Бул такталып жатат. Ошондуктан бул ишти чукул карай турган болсок, бул жерде граждандык укуктук мамилелер, бул кишинин үстүнөн кылмыш куугунтукка алууга жатпайт.
Соттолуучу Саидкамол Ахмедов:"Системага каршы сүзгөнүмө эми түшүндүм. Муну туугандарым деле айтып жүрүшкөн. Канеткен күндө да баары кеч болуп калды. Эмне демекмин, кадырлуу судья, адилет өкүм чыгарышыңызды гана өтүнөм", - деп акыркы сөзүн бүтүрдү.
Төрагалык кылуучу судья Бурханидин Нурмаматов сот жараянынын жүрүшүндө Ахмедовдун күнөөлөрү толук бышыкталгандыгына басым жасап, аны бир жылдык сынак мөөнөтү менен 3 жылга шарттуу кесип, 5 миң сомго айыпка жыккан өкүм чыгарды:
Кыйла жылдан бери жактоочулук кесипти аркалаган Нурдин Чыдыев соттун башынан аягына дейре катышкандыгын кыйытып, Ахмедовдун шарттуу түрдө болсо да кесилишин таза иштеген адвокаттарга карата сүр көрсөтүү, кысымчылык деп баалады.