Америка университети Сингапурдагы улуттук университет менен биргеликте мамлекеттик саясат тармагындагы адистерге сынак жарыялады. Сынакта жеңип чыккандар Сингапурдагы аталган окуу жайда бекер билим алууга мүмкүндүк алышат. Аталган иш-чаранын максаты-Борбор Азия өлкөлөрүндө мамлекеттик саясат тармагындагы адистердин билимин өркүндөтүү. (ESu)