Иракта президенттик кеңеш мурдагы Баас партиясынын төмөнкү баскычтагы мүчөлөрү кайрадан өкмөттүк кызматка келүүсүнө жол ачкан мыйзамды бекитти. Документ буга чейин парламентте жактырылган эле. Бул - Ирактын сунни, шийи жана азчылыкты түзгөн күрд жамааты арасында элдешүү орношун колдоого багытталган мыйзам актыларынын алгачкылары. Андан маркум Саддам Хусейндин партиясынын мурдагы 38 миңдей мүчөсү пайдалана алат деп күтүлүүдө.