11:51 2008-жылы Кыргызстандан 44 миң адам чет өлкөгө жашоого кетти

Бул маалымат миграция жана эмгек менен камсыздоо комитетинин коллегиясында бүгүн айтылды. Кеткендердин көпчүлүгү кыргыздар. Ал эми Кыргызстанга өткөн жылы 4 миң киши жашоого келген. 36 миңден ашуун киши өлкөнүн ичинде жашаган жерин өзгөрткөн. Ички миграция Нарын, Жалалабад, Ош облустарында күчтүү болуп, ал жактан калк Чүй өрөөнүнө көчүп келүүдө.