ТҮРКИЯ: РАСМИЙ ЖАЙДА ПАРАНЖЫГА ОРУН ЖОК

Ишембиде (9-февралда) Түркия парламенти конституциялык алымча-кошумчаларды жактырды. Ошентип, жогорку окуу жайларда жоолук салынып жүрүүгө тыюу салган жобо өзгөртүлдү. Исламчылардын Адилет жана Өнүгүү партиясы жана аларга шерик болгон улутчулдар басымдуулук кылган парламенттин мындай чечими өлкөдө секулярдык асыл-нарктарды жактаган күчтөрдүн нааразылыгын туудурду. Адилет жана Өнүгүү партиясы башкарган өкмөт бул кадам аялдардын укуктарын коргоого багытталган десе, секулярдык багытты жактагандар түрк коому исламдашып баратат деп чочулашат.
Конституцияга мамлекеттик мекемелер ар бир атуулга бирдей мамиле жасашы керек жана мыйзамда так аныкталбаган себептерден улам кимдир-бирөөгө билим алууга тоскоолдук түзүлбөөгө тийиш деген жаңы параграфтар киргизилди.

Андай түзөтүүлөрдү бийликтеги Адилет жана Өнүгүү (AK) партиясы сунуш кылган.

Эми Жогорку билим берүү жөнүндөгү мыйзам конституцияга ылайыкташтырылышы керек.

Бирок оппозициядагы Жумурияттык Элдик партия (CHP - ЖХП) түзөтүүлөргө каршылыгын билдирип, Конституциялык сотко кайрылды.

Партиянын парламенттеги фракциясын жетектеген Кемал Анадол добуш берүүнүн алдында депутаттарга кайрылып, мындай реформа коомдогу баш-аламандыкка алып келет деп эскертти.

Мыйзам чыгаруучулардын чечимине каршылыгын билдирген миңдеген адамдар ишембиде Анкаранын көчөлөрүнө нааразылык жыйынына чыгышты.

- Өкмөт Түркия менен шайтан оюнун ойноп жатат. Биз аны токтотуу үчүн чогулдук, - деди демонстрациянын катышуучусу Абдулла Гүлен.

Ушундай эле ири нааразылык чарасы бир жума мурда секулярдуу Түрк жумуриятынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн Анкара шаарындагы бейитинин жанында өткөн.

Тайип Режеп Эрдогандын өкмөтү “буга чейинки тыюу көптөгөн кыз-келиндерге билим алууга мүмкүнчүлүк берчү эмес” деп ырастоодо. Бийлик коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжасы элдин үчтөн бир бөлүгү жоолук салынууга тыюу кылган жобону алып салууну колдоорун айгинеледи деген жүйөнү келтирүүдө.

Өкмөттүн кадамына каршы чыккандар болсо бул кадам секулярдык түрк коомунун исламдашуусуна алып келет деген чочулоолорун билдиришүүдө.

Юристтер, ишкерлер, илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрү да өкмөттүн пландарын айыпташты. Аскер жетекчилиги талаш-тартыштарга аралашуудан баш тартканы менен, окуяларга жакындан байкоо салып жатканын билдиришти.

Белгилей кетели, сөз болгон жобо университеттерге гана тиешелүү. Башка коомдук жайларда жана мекемелерде болсо жоолуктарга болгон тыюу мурдагыдай сактала бермекчи.

Арийне, мыйзамдык түзөтүү кыз-келиндерге окуу жайларда жүзүн жаап жүрүүгө (айымдын бетинин көзүнөн башка бөлүгүн жоолугунун бир өңүрү менен далдалоого) уруксат бербейт.

Демек, түркиялык расмий коомдук жайларда паранжы үчүн (башкача айтканда, жүзүн толук жаап, көзүн тор менен чүмбөттөп алууга) мурдагыдай эле орун жок.