Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Акыйкатчылык кызматка азыркы кезде беш адамдын талапкерлиги көрсөтүлгөн. Алардын арасында азыркы Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу, укук коргоочулар Турсунбек Акун, Бүайша Арстанбекова, Салима Шарипова жана Каныбек Абдыкадыров бар. Жогорку Кеңеш Акыйкатчылыкка шайлоону бейшемби күнү өткөрүүнү белгилөөдө.(AiT)