Кыймылдын координациялык кеңешинин шаршембиде боло турган жыйынында Коомдук парламенттин күн тартибине киргизилчү маселелер каралат. Биринчи кезекте өлкөдөгү саясий кырдаал, адам укугунун абалы жана энергетика тармагын менчиктештирүү маселеси каралары белгиленүүдө, деп кабарлады «Акыйкат үчүн» кыймылдын координациялык кеңешинин төрагасы Аликбек Жекшенкулов «Азаттыкка».(AiT)