АКШга карата жасалган террордук чабуулдарга тиешеси бар деп шектелгендерге өлүм жазасы талап кылынууда

Пентагондун билдирүүсүнө караганда, 2001-жыл 11-сентябрдагы террордук чабуулдарды уюштурган деп алты кишиге айып коюлду. Алардын арасында топтун башчысы деп шектелген Халид Шейх Мохамед бар. Эгерде сот күнөөлүү деп тапса, анда аларды өлүм жазасы күтөт.