Багдадда бамба салынганын унаалардын жардырылышынан 11 киши каза таап, 30дан көбү жарадар болду

Кандуу окуя Ирактын борборунун түштүк-чыгышында орун алды. Ирактын аскерий өкүлүнүн билдирүүсүнө караганда, бомбалуу автоунаанын бири ошол чөлкөмгө жыйналышка чогулган суннилердин лидерлерин зыянга учуратуу максатында жардырылган . Экинчи автоунаа газ станциясына жакын жерде жардырылган.