8:20 Өкмөт бүгүн 2008-2010-жылдарга Улуттук энергетика программасын карайт

Өкмөт башчы Игорь Чудиновдун төрагалагы астында өтө турган жыйында ошондой эле отун-энергетика тармагынын 2025-жылга чейин өнүгүүсүнүн стратегиясы, уу калдыктар сакталган жайларды коопсуздандыруу жана коррупцияга каршы күрөш маселеси талкууланат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)