Анда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Таалайбек Кыдыров отчетун окушу күтүлүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Тышкы иштер министринин басма сөз катчысы Руслан Молдокасымов билдирди. Буга чейин өкмөт башчы Игорь Чудинов Москвада жана Санкт-Петербургда кыргыз мигранттарын өлтүрүү фактылары боюнча кыргыз өкмөтү чара көрөт деп билдирип, анын маани-мазмунун иштеп чыгууну Тышкы иштер министрлигине тапшырган болчу. (TD)