12:38 К.Бакиев: Мамлекеттик кызматта иштөөгө кызыккан жаштар бар экени кубантат

Президент Курманбек Бакиев бүгүн Мамлекеттик кызмат боюнча агенттиктин жетекчиси Анвар Рыскулбековду кабыл алды. Жолугушууда мамлекеттик кызматтагылардын айлык-акысын жогорулатуу жана тестирлөө Борборунун иши тууралуу сөз болду. 1-январдан тарта мамлекеттик кызматтагы адамдардын айлык акысы эки эсеге жогорулаганы, А.Рыскулбековдун ишениминде, бул кызматтын абройун көтөрүп, билимдүү адистерди тартууга мүмкүнчүлүк берет. Президент болсо мамлекеттик кызматтарга тааныш-билиштик менен эмес, өзүнүн билимине жана жөндөмүнө таянгандар келишине жол ачыш керектигин белгиледи. (TD)