Бул тууралуу билдирген УТРКнын директорунун мурдагы орун басары Бейшенбек Бекешовдун айтымында, ачкачылык акциясына чыккандар УТРКнын директорунун милдетин аткаруучу Мелис Эшимканов менен саат 14-00 жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт. “Эгерде биз койгон талаптарды Эшимканов аткара турган болсо ачкачылык акциясын токтотушубуз мүмкүн. Бул маселе түштөн кийин такталат”,- дейт Бекешов. Ал эми “АКИпресс” агенттиги Мелис Эшимканов ачкачылык жарыялагандар менен мунасага келишкенин, акциянын катышуучулары жумуш орундарына кайтып бара тургандыгын жазып чыкты. (AJ)