Иран президенти Махмуд Ахмединежад 2-мартта Иракка келет

Ирактын расмий өкүлдөрүнүн маалымдоосуна караганда, Иран президентинин сапары эки күнгө созулат. Бир катар министрлердин коштоосунда келе турган Махмуд Ахмединежад Ирак президенти Жалал Талабани, өкмөт башчысы Нур аль-Малики менен сүйлөшүүлөр өткөрөт.