АКШда иштөөдөн чыккан тыңчы – спутникти атып түшүрүшөт

Космоско тыңчылык максатта кое берилген бул спутникти америкалык аскерлер ракета менен атып түшүргөнү жатышат. Улуттук коопсуздук өкүлү Джеймс Джефринин билдиришинче спутник зыяндуу күйүүчү май – гидрозин менен иштейт. Гидрозин атмосферада өзү жарылып кете алчу касиетке ээ. Спутникти жайына койсо, ал жерге мартта учуп түшөт дешүүдө.