Кипрдин грек бөлүгүндө президенттик шайлоо өтүүдө

Кипрдин грек бөлүгү 2004-жылдан бери Евробиримдиктин мүчөсү. Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, негизги күрөш өлкөнүн азыркы президенти Тассос Пападопулос менен анын эки атаандашы ортосунда жүрүүдө. Жаңы президенттин алдында Кипрдин 1974-жылкы жаңжаалдан кийин бөлүнүп кеткен түрк бөлүгү менен аралдын биригүүсү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү вазийпасы турат.