Жаңылыктар Кубанын лидери Фидель Кастро президенттик кызматынан кетти 19-Февраль, 2008 Бул тууралуу коммунисттик партиянын органы “Гранма” гезити жазып чыкты. Кастро 19 ай мурун оорусуна байланыштуу ыйгарым укуктарын иниси Раулга убактылуу өткөрүп берген. 81 жаштагы Кастро Кубаны 49 жыл бою башкарып келди.