14:35 Бишкек-Ош автожолунда кар көчүрүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 21-22-февралда Бишкек-Ош канжолунун 248-чакырымында, б.а. Чычкан капчыгайында кар көчүрүлөт. Бул иш-чараны жүргүзүүгө коргоо министрлиги көмөктөшмөкчү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча кар көчүрүлүп жаткан убакта жол эки башынан тең жабылат, айдоочуларды маалымдоо ишин МАИ кызматы аткарат. (ZKo)