10:40 Кесиптик-техникалык окуу жайларынын мааниси артууда

Кесиптик –техникалык окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн жумуш менен камсыз кылуу, учурда талап кылынып жаткан адистиктерди арбын даярдоого аракет жасалып жатат. Кыргызстандагы кесиптик-техникалык окуу жайларынын диплому КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы келишим боюнча шериктештик өлкөлөрдө таанылат. Бул тууралуу бүгүн парламентте кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Нурлан Аскаров маалымдады.
Ал эми депутат Улукбек Ормонов айрым учурларда Орусия, Казакстанда Кыргызстандан окуп барган адистерди кайра окууга мажбурлаган учурлар бар, деп белгиледи.(ZKo)