Жаштардын биринчи Олимпиадасы Сингапурда өтөт

2010-жылга белгиленген оюндарды өткөрүү укугун Сингапур Москвадан жеңип алды. Ага 14-18 жаштагы спортчулар катышат. Жаштарды спортко тартуу максатын көздөгөн кышкы олимпиада 2012-жылы уюштурулат.