Канада Ооганстандагы аскерлерин 2011-жылы чыгарып кетет

Оппозициянын талабы менен Канаданын консерватордук азчылык өкмөтү ушундай чечим кабыл алды. Ооганстанда өлкөнүн 2 жарым миң аскери турат. Анын аралыгында, Ооганстандын коргонуу министрлиги ооган жана чет элдик аскерлер чогуу жүргүзгөн операцияда 30 талиб согушкери өлтүрүлгөнүн маалымдады.