Бул жөнүндө Каракулжа районуна караштуу Алайкуу айыл өкмөтүнүн башчысы Нуркамил Бөпөев 22-февралда “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында азык-түлүк чоң проблемага айланып, малга жем-чөп жетишпей жаткан убагы. Каракулжа акими Жаңыбай Асранов райборбор менен Алайкууну байланыштырган жападан жалгыз автожолду ачуу үчүн түндө техникалык топ жөнөп кеткендигин, учурда кризистен арылуунун чаралары көрүлүп жаткандыгын билдирди. (АТо)