ТҮНДҮК ИРАК, ТҮРКТӨР, “МОКОК КУРАЛ”

Түркиянын куралдуу күчтөрү Түндүк Иракта базаланган ПКК жикчил тобуна каршы кургактан баштаган аскердик операция жөнүндө батыштык басылмаларда ири талкуулар жүрүүдө.
Washington Post гезити бул операция Түркия менен Ирактын ортосунда абалдын курчушуна себеб болгонун билдирип, 2003-жылдагы Америкалык басып кирүүдөн бери Түркия алгачкы жолу мындайча ири масштабда аскерин Иракка киргизип жатканына көңүл бурган. Ирактын түндүгүндөгү пашмарга күчтөрү согушка даяр абалга келтирилгенин жазган WP ошондой эле Буштун адмимистрациясы ПКК менен күрөшүүдө Түркиянын активдүү өнөктөшү экенине басым жасап, АКШ жана Түркия чалгын маалыматтарын алмашып жатканын белгилеген.

Британияда чыгуучу Financial Times, аскердик операция Ирактын бирден бир туруктуу деп эсептелген аймагында бейпилдикти бузаарынан чочулаган АКШ менен Европа Союзу Түркияны операцияны чегинен ашырбай тез арада соңуна чыгарууга үндөшкөнүн белгилеген. The Guardian гезити “Вашингтондун түндүк Иракта операция жасоосу үчүн түрктөргө жашыл от күйгүзгөнүн белгилеп, түрктөрдүн бул операциядагы максаты Түркияда коомчулуктун моокумун кандыруу жана Багдат менен Вашингтондун тамырын кармап көрүү экенин бышыктайт.

Швейцариянын Neue Zurcher Zeitungу “Түндүк Ирактагы аскердик операция проблеманы чече албайт” деп CIA нин деректири Роберт Геицтин билдирген пикирин чагылдырып “Түркиянын армиясы, ПКК жикчил тобун талкалаш максатында бейшемби күнү кошунасы Ирактын жерине аскерлерин киргизди. Расмий Анкаранын баамында ПКК Ирактын жеринен Түркияга чабуул коюунун плацдармы жана бекинүү базасы катары пайдаланып келет. ПКК жикчил согушун баштаган 1984-жылдан бери 40,000 адам өмүрүнөн ажырады” деген маалыматты тең бөлүшкөн.

Лондондун Independent гезити түрк армиясынын операциясын Ирактын кайрадан басылып алынышы катары мүнөздөп, бул операция анын алдын алууга тырышкан Вашингтон үчүн уят өнүгүү экенин бышыктаган. Германияда чыгуучу Die Welt “мокок курал” деген баш сөз менен чыккан макаласында бул операция чектүү жана террорчуларды гана бутага алган абалда улуттар-аралык укук нормалары Анкаранын жанында болорун белгилесе, Грекияда чыгуучу Ethnosто Түркиянын бул аскердик операциясын ‘оккупация’ катары мүнөздөп, “Косовонун эгемендүүлүгүн жарыялоосу менен бирге кадимки чегаралар маселеси кайра талкууланып жаткан бир кезде Түркиянын Түндүк Иракка басып кириши кокусунан болгон окуя эмес” деп белгилейт. Tagesspiegel geziti операцияны “бомбалоо саясаты” катары мүнөздөп, бул жортуул ПККге зыян келтире албай турганын жана мезгилдин талабы саясий чечимде экенин билдирген.

Якут түрктөрү менен жергиликтүү америкалыктар бир тууган калктар

Бул тууралуу Түркияда чыгуучу Yeni Cag гезитинин кечөөгү санында билдирилди. Макалада баяндалышына ылайык, АКШнын Стенфорд университетинен Ричард Майерстин жетекчилигиндеги изилдөө тобу 51 калктын арасынан 938 кишинин генетикалык өзгөчөлүктөрүн изилдеп, калктардын ортосундагы окшоштуктарду жана айырмачылыктарды иреттеп чыккан. Изилдөө жумуштарынын натыйжасында, Сибирде жашаган Якуттар менен Мексика, Борбордук Америка, Коломбия, Уругуай жана Парагуай өңдүү өлкөлөрдө жашаган калктардын ортосунда генетикалык окшоштуктар бар экени аныкталган.