9:45 Бишкек-Ош жолу ачылды

Чукул кырдаалдар министрлигинен алынган маалымат боюнча 21-22-февралда түшкөн кар көчкүдөн жол толугу менен тазаланды. Ушул тапта карды артиллериядан аткылоо жолу менен көчүрүү айрым аймактарда уланып жатат.
21-22-февралда Бишкек-Ош жолунун алты жеринде жалпы көлөмү 8 миң кубометрге жеткен кар көчүп, бир нече автоунаа жабыркаган. (ZKo)