15:10 Революциялык комитеттин иши жашыруун бойдон калууда

“Курманбек Бакиевди кызматтан кетирүү” деген аталышта түзүлгөн Революциялык комитеттин жетекчиси Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча комитеттин иши жашыруун болору башында айтылган. Ошондуктан, кандай максаттар бардыгы жана иштин жүрүшү тууралуу ачык маалымат берилбейт, дейт ал. Азимбек Бекназаровдун айтуусунда комитеттин ишмердүүлүгүнө азырынча бийлик тарабынан тоскоолдук жок. Революциялык комитет үстүбүздөгү жылдын январь айында түзүлгөн.
Буга чейин “Курманбек Бакиевди кызматтан кетирүү” комитетинин иши мыйзамсыз деп белгилеген айрым уюмдар аталган комитеттин мүчөлөрүн жоопко тартуу талабы менен чыгышкан эле. (ZKo)