Ирактагы соңку жардыруу 9 адамдын өмүрүн алды

Мосул шаарына жакын жердеги жардыруудан дагы бир канча адам жаракат алганы кабарлануда. Жардыруу жан кечти террорчунун автобуска урунуусунан чыккан. Бул учурда автобуста 45 чакты жүргүнчү болгон.