12:34 БУУнун статистикалык комиссиясынын жыйынына кыргыз делегациясы да катышууда

Комитеттин кечээ башталган кезектеги 39-сессиясында, делегаттар экономиканын ар тармактарында, калкты жумуш менен камсыздоодо, билим берүүдө статистика жүргүзүүдөгү бир катар маселелерди кароого тийиш. Жыйында ошондой эле эл аралык статистика институттарынын ишмердүүлүгү боюнча докладдар окулмакчы. Кыргызстандын делегациясын улуттук статистика комитеттин башчысынын орун басары Н. Түлөкабылов жетектөөдө деп кабарлайт ТИМ. (JTo)