Британия ханзаада Харри Ооганстанда талиптерге каршы урушка катышып жатканын ырастады

Британиянын коргоо министрлиги ханзаада Чарльздын кичүү уулу ханзаада Харри Ооганстанда талиптерге каршы урушуп жаткан британ аскерлерине кошулганын жарыялады. 23 жаштагы британ ханзаадасы Ооганстандагы козголоңчул Хелманд провинциясындагы уруштарга 10 жумадан бери жашыруун катышып жатат. Ырасмий Лондон бул маалыматты ханзааданын өмүрүнө кошумча коркунуч жаралбасын деп жашырып келген, бирок АКШдагы интернет-сайттардын бири аны жарыялап жиберген соң ырастоого аргасыз болду.