10:23 Кар көчкү Каракулжа-Алайкуу жолун тороп калды

Бул тууралуу “Азаттыкка” Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Көлөмү 55 миң кубметрди түзгөн кар көчкү жолдун 57 – жана 126 – километрлеринин аралыгында кечээ, 28-февралда түшкөн. Алдын-ала маалымат боюнча, кар көчкүдөн эч ким жабыркаган жок. Жол автомобилдик кыймыл үчүн жабылып, учурда кардан тазаланууда. Министрлик бүгүн Бишкек-Ош жолунун айрым участкаларында, Алабука-Канышкыя жана Ош-Хорог жолдорунда да кар көчкү жүрүшү мүмкүн деп эскертет. (JTo)