Армениянын борбору Ереванда президенттик шайлоонун жыйынтыктарына каршы нааразылык акциясына кечээ миңдеген адамдар катышты

19-февралда өткөн шайлоонун эртеси башталган демонстрация 8 күндөн бери уланууда. Президент болуп шайланган Серж Саркисян оппозициячылар менен сйлөшүүгө даяр экенин, бирок алардын нааразылык акциясы мыйзамсыз экенин эскертти.