Бул тууралуу Түркиянын Багдадга барган атайын чабарманы Ахмет Давитоглу билдирди. Түрк армиясы 21-февралдан бери Түндүк Ирактагы күрт жикчилерине каршы аскердик аракеттерин улантууда. Анкара өткөн түнү ал жердеги уруштарда 230дай согушкер жок кылынганын, Түрк армиясы 24 аскерин жоготконун маалымдады.