17:29 Бүгүн түштөн киийн Бишкекте «Саякат» мейманканасында өрт чыкты

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин оперативдик бөлүмүнүн билдирүүсүнө караганда, мейманканада чыккан өрттү өчүрүү үчүн он өрт өчүргүч машина тартылды. Бирок өрт өчүрүлө элек. Алдын-ала маалыматтар боюнча өрттөн жабыркагандар жок. «Саякат» мейманканасы шаардагы Алиаскар Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан. Анда азыркы кезде ремонт иштери жүрүп жаткан жана мейманканада эч ким турган эмес. (AiT)